Ош-Ноокат унаа жолунда жол кырсыгы катталып, эки адам мерт кетти. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан (ЖКККБ) кабарлады.
Маалыматка ылайык, кырсык 21-июлда саат 17:20 чамасында Өзгөн районунун Жапалак айылында катталган. Анда Хёндай Портер чакан жүк ташуучу автоунаа каршы тилкеде келаткан Тойота Авенсис үлгүсүндөгү унаа менен бет маңдай кагылышкан.
Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу 1954-жылы туулган Ш.Т. жана жанындагы жубайы 1977-жылы туулган К.А. окуя болгон жерде каза тапкан. Алар Ноокат районунун Гүлистан айылынын тургундары болгон.
Андан сарткары 1984-жылы туулган Т.М., 1994-жылы туулган Т.Б., 2001-жылы туулган Т.М. аттуу жүргүнчүлөр жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Алар да бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү.