Франциянын баш калаасында өтүүчү Жайкы Олимпиада оюндарына 8 миллион 800 миңден ашык билет сатылды. Бул тууралуу Эл аралык Олимпиада комитетинин (ЭОК) спорт боюнча директору Кит МакКоннелл журналисттерге билдирди.
Ал бул көрсөткүч тарыхый деңгээлдеги рекорддук көрсөткүч экенин кошумчалаган.
"8 миллион 800 миңден ашык билет сатылды, бул укмуштуудай сан", - деген ал.
Мындай сатуулар бүгүнкү күндө Олимпиада үчүн рекорд болуп саналат. Буга чейин эң көп билеттер 1996-жылы Атлантадагы Олимпиадада сатылган. Анда Олимпиаданы көрүү үчүн 8 миллион 300 миңдей киши билет алган.
Париждеги Олимпиада оюндары 26-июлда башталып, 11-августта аяктайт. Кыргызстандын атынан Олимпиадага 16 спортчу катышат.