Кыргызстандын математиктери олимпиадада 108 мамлекеттин ичинен 29-орунду ээледи 

Өлкөнүн математика боюнча курама командасы Эл аралык олимпиадада командалык эсепте 122 упай топтоп, 108 мамлекеттин ичинен 29-орунду ээледи.
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиргендей, аталган олимпиадада кыргызстандык окуучулар 1 алтын, 3 күмүш медаль жана 2 Ардак грамотага ээ болушту.
Олимпиада 11-12-июль күндөрү Улуу Британияда өтүп, ага 600дөн ашуун окуучу катышкан.
"Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча мамлекеттердин рейтингинде алдыңкы үчтүккө АКШ, Кытай, Түштүк Корея кирсе, Финляндия 36-орун, Казакстан 43-орун, Малайзия 44-орун, Эстония 47-орун, Швейцария 50-орун, Индия 51-орун, Өзбекстан 61-орун, Сауд Арабия 63-орунду ээледи", - деп жазылат анда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан