Оштогу Кара-Суу жана Базар көчөлөрүндөгү Ак-Буура дарыясынын суу коргоо зонасында жайгашкан жер тилкелерине курулушка уруксат берүүчү архитектуралык иш кагаздары жок өз билемдик менен 10 жөө адамдар өтүүчү көпүрөлөр жана башка соода түйүндөрү курулгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.
"Ош шаарынын архитектуралык курулушту контролдоо боюнча шаардык башкармалыктын, Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын, Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын, Ош аймактар аралык башкармалыгынын, Ош бассейндик суу чарба башкармалыгынын жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Ош филиалынын кызмат адамдары кызматка болгон кайдыгерлигинен жана өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарышпагандыктан, ошондой эле өз кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, Ош шаарынын Кара-Суу жана Базар көчөлөрүндөгү Ак-Буура дарыясынын суу коргоо зонасында жайгашкан жер тилкелеринде курулган мыйзамсыз курулуштарды буздуруп, алып салуу боюнча эч кандай чара көрбөстөн, өздөрүнө же болбосо башка адамдар үчүн кандайдыр бир пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында жогорудагы мыйзамсыз курулуштардын курулушуна өбөлгө түзүп беришкен", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.
Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.