Бишкекте 15 жаштагы Севинч Пулатова изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-июлда милицияга эжеси арыз менен кайрылган. Анда ал 2009-жылы туулган сиңдиси саат 21:45тер чамасында үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын айткан.
Белгилери: бою 155-160 сантиметр, көзү кара, чачы орточо узундукта.
Кийген кийими: кара түстөгү кофта, кара шым, боз түстөгү бут кийим, кызыл рюкзак.
Милиция жогорудагы кызды көргөн-билгендер болсо (0312) 35-29-47, (0312) 35-26-71, 0700 86-09-09, 0777 86-97-97, 0773 90-94-65 номерлерине кайрылууну суранат.