ИИМ балыкчылык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн Бишкектен кармады

Балыкчы шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады.

Балыкчы шаардык милициясына Т.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал Балыкчы шаарында Т. аттуу чала тааныш адамдан 2022-жылдын декабрь айында БМВ үлгүсүндөгү унаасын 300 миң сомго сатып алганын, бирок ал адам эки жума өткөндөн кийин алдамчылык жол менен ишенимине кирип, саткан унаасын кайра алып кетип, же акчасын кайтарып бербей, же унаасын бербей качып кеткенин билдирген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (Алдамчылык) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери арыз ээсин алдап кеткен кишинин өздүгүн аныктаган. Ал Балыкчы шаарынын 1998-жылы туулган тургуну Т.Т. аттуу жаран болгон.

ИИМдин маалыматына ылайык, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ыкчам каттоодо турат.

Жыйынтыгында ал Бишкектен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан