19-июлда милицияга Чүй айылынын эки тургуну электр тогуна урунуп каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки өндүрүш иши башталганын облустук милиция бүгүн, 22-июлда тастыктады.
Тергөөдө аталган айылда суу чыгаруу үчүн жер казып жаткан КамАЗ үлгүсүндөгү унаанын бургулоочу станогунун башы электр чубалгысына тийип кеткен. Натыйжада иштеп жаткан 1996-жылы туулган Д.В. жана 1996-жылы туулган Г.П. аттуу жарандар токко урунуп, окуя болгон жерден үзүлгөн.
"Учурда тергөөгө чейинки өндүрүш ишинин алкагында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле каза болгон балдардын бири дзюдо боюнча өлкөнүн спорт чебери Павел Гончаров экенин милициядан ырасташты.