Балык уулоого барып, Көкөмерен дарыясына түшүп кеткен Махмут Сусузовдун сөөгү табылды

Чүй облусундагы Суусамыр өрөөнүндө сууга агып кеткен Махмут Сусузовдун сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда SUPER.KG порталына анын жакындары билдирди.

Кечээ, 21-июль күнү аталган жаран балык уулоо үчүн өрөөндүн Токойлу жайлоосуна кеткен. Тоо суусуна агып кеткен жаранды куткаруучулар жана ыктыярчылар издешкен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, издөө иштерине жалпы 14 куткаруучу тартылган.
Анын натыйжасында саат 13:30 чамасында аталган жарандын сөөгү куткаруучулар тарабынан суудан табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Ал 1981-жылы туулган жаран экени айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан