Бишкек шаарында 24-28-июль күндөрү "Оймо" эл аралык салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк фестивалы өтөт. Бул туурасында бүгүн, 22-июлда мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чарага 17 мамлекеттен келген кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, артисттер жана ишкерлер катышат.
“Фестивалда кол өнөрчүлүк жарманкесин, мастер-класстарды, көргөзмөлөрдү, этно-фэшн-шоулорду, эко-акцияларды көрүп, конференцияларга, тегерек столдорго, музыкалык программаларга, ошондой эле маданий мурастарга жана кол өнөрчүлүк технологияларына кайрылган Кыргызстандын атактуу жана заманбап сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринин көргөзмөсүн көрүүгө болот”, - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, мэрия фестивалга 70 миңге жакын конок келе тургандыгын кошумчалаган.