Чүйдөгү соттордун имаратында бомба коюлгандыгы тастыкталган жок

Бүгүн, 22-июлда Чүй облусундагы бардык сот имараттарына бомба коюлганы тууралуу маалымат тастыкталган жок. Бул туурасында Чүй облустук милициясынан билдирди.

Маалымдалгандай, милиция кызматына электрондук почта аркылуу Чүй облусунун аймагындагы бардык сот имараттарында 24 сааттын ичинде жарылып кете турган, аралыктан башкарылуучу бомбалар бар экендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн. Анын негизинде аймактык соттордун имаратында эвакуациялоо иштери жүрүп, курчоого алынган.

“Милиция УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте имараттарды текшерип, сапёрлор тобу иш алып барышкан. Жыйынтыгында “бомба коюлган” деген маалымат тастыкталган жок. Облус аймагындагы соттор штаттык режимде иштеп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан