12-июлда Бириккен дүйнөлүк күрөш федерациясы (UWW) расмий баракчасында грек-рим күрөшү боюнча Олимпиада оюндарына аттанган балбандардын торчосун жарыялады. Бул тизме бардык балбандардын белгилүү бир убакыт аралыгындагы жыйынтыгы боюнча түзүлдү.
Ар бир салмак категориясында рейтинг боюнча алдыңкы сегиз орунду ээлеген балбандар таймашып, калган сегиз атаандашы чүчүкулак аркылуу аныкталат. 2023-жылкы Дүйнө чемпиондугу жана 2024-жылкы континенталдык чемпиондук сыяктуу маанилүү мелдештер балбандардын сабын аныктоодо негизги ролду ойноду. Бул система турнирдин алгачкы баскычтарында күчтүү спортчулардын бири-бири менен беттешип калбашы үчүн колдонулат.
Мындан улам грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбандарынын жарым финалга чейинки мүмкүн болгон атаандаштарын карап көрдүк.
60 килограммга чейинки категорияда кызыктуу беттеш күтүлөт. Торчонун өйдөкү тарабында кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков менен япониялык Кеничиро Фумита жайгашкан. Эки балбан алгачкы атаандаштарын жеңсе, жарым финалда кез келет. Экөө тең күчү жана тажрыйбасы менен белгилүү, ошондуктан бул жарым финал кызыктуу болорунан шек жок. Анткен менен Фумитанын жарым финалга чыгуусу үчүн ирандык Мохсен Нежадды жеңүүсү зарыл экенин белгилей кетүү керек, аны баалабай коюуга болбойт.
Торчонун ылдыйкы тарабында жарым финалда кытайлык Лигуо Цао менен молдовалык Виктор Чобанунун беттеши күтүлүүдө.
67 килограммга чейинки салмак категориясында мындан кем эмес кызыктуу беттештер күтүлүүдө. Торчонун үстүндө азербайжандык Хасрат Жафаров менен кыргызстандык Амантур Исмаилов жарым финалга чыгышы мүмкүн. Бирок Амантур алгачкы атаандашын жеңсе чейрек финалда аны сербиялык күчтүү делген Мате Немеш күтүп турат.
Торчонун ылдый жагында армениялык Славик Галстян менен кубалык Луис Орто Санчестин ортосунда жарым финалды көрүшүбүз мүмкүн. Бул балбандар өздөрүнүн жетишкендиктери менен да белгилүү, алардын беттешүүсү да мындан кем эмес кызыктуу өтөт.
77 килограммга чейинки категорияда өтө курч жарым финалдык беттештер күтүлүүдө. Торчонун башында япониялык Нао Кусака менен армениялык Малхас Амояндун беттешүүсүн көрүү ыктымалдыгы жогору. Эки балбан тең көптөгөн турнирлерде жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүштү, бул жарым финалды өзгөчө кызыктуу жана күтүүсүз кылат.
Торчонун ылдыйкы тарабында азербайжандык Санан Сулейманов менен кыргызстандык Акжол Махмудовдун ортосундагы жарым финалды көрүшүбүз мүмкүн. Эки спортчу тең жетишкендиктери жана күчтүү күрөшү менен белгилүү, ошондуктан бул күрөш да кызыктуу жана курч болору талашсыз.
77 килограммга чейинки категориядагы жарым финал көрүүчүлөргө көптөгөн эмоцияларды тартуулап, катышуучулардын ар биринин жогорку спорттук деңгээлин көрсөтөт.
Ал эми 97 килограмм салмакта катыша турган Үзүр Жузупбеков азырынча кайсы торчодо күрөшөрү белгилүү боло элек. Анын салмагында өйдөңкү торчодо фавориттерден армениялык Артур Алексанян менен кубалык Габриел Росилло бар.
Ал эми ылдыйкы торчосунда ирандык Мохаммадхади Сарави менен беларустук Абубакар Хаслаханов фаворит болуп эсептелинүүдө.