Суусамыр өрөөнүндөгү Музтөр жайлоосунда сүт чогултуу пункту ачылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Суусамыр өрөөнүндөгү Музтөр жайлоосунда сүт чогултуу пунктун ачты. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда аталган министрликтен билдиришти.

Бийик тоолуу шартта сүттүн сапатын жогорулатуу максатында бул борборго 3 тонналык муздаткыч танкер жана 2 тонналык сүт ташуучу цистерна орнотулуп, сүт өндүрүүчүлөр жамааты түзүлдү.

Андан соң министр Талас шаарындагы "Талас сүт" ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ишкананы кайра жаңылоо муктаждыгы бар экени айтылды.

"Ишкананын жайкы сезондо суткалык кубаттуулугу 30-40 тоннаны түзөт. Адистердин, кызматкерлердин жана жумушчулардын саны 70ке жакын. Учурдагы болгон өндүрүш кубаттуулугу 60 пайызга араң жетет.

Сүт продукциясынын (каймак май жана кургак сүт) 80-85 пайызы облустун жана Бишкек шаарынын ички рыногун камтыса, калган 15-20 пайызы Орусия, Казакстанга экспортко жөнөтүлөт.

Сүт тапшыруучулардын жалпы саны 1500дөн ашуун фермерлерди түзөт жана сүт чогултуу облустун 40 айылынан жүргүзүлөт", - деп жазылат анда.

Ошондой эле сүт чогултуучу 3 стационардык пункт бар экени кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан