"Баш мээ кан тамырлары жарылып кеткен". 3 жашар Алымбек жардамга муктаж (видео)

Жалал-Абад шаарынын 3 жаштагы тургуну Алымбек Исмаиловдун дарылануусуна каражат жетпей жаткандыгына байланыштуу жардамга муктаж болууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына апасы Элиза Эркебай кызы билдирди.

Анын айтымында, баласы 6 айынан баштап баш мээ оорусунан жабыркап келет. Ошол себептен анын ай сайын дарылануусуну акча каражат керектелип, кайрымдуу адамдардын жардамына муктаж болууда.

"Балам Алымбек 6 айынан баштап баш мээсинде травма пайда болуп, кан тамырлары жарылып ай сайын дарыланып келет. Жакында эле операция болгон. Анын оорусу күчөгөндө кычкылтек жетишпей 1 сутка өзүнө келе албай, араң ойгонот. Дарыгерлердин айтуусу боюнча, анын дарылануусуна көп убакыт талап кылынат экен. Бирок дары-дармектер кымбат болгонуна байланыштуу акча каражат жетпей жатат. Ошол себептен баламдын айыгып кетүүсүнө кайдыгер карабаган, кайрымдуу элден жардам сурайбыз", - деди Алымбектин апасы.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:

Элкарт: 9417679444734437

MBank: 0 221 208 100 (Элиза Э)

3 жашар Алымбек баш мээ оорусу менен ооруйт. Анын дарылануусуна жардам керек болууда 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан