Бүгүн, 22-июлда Ош шаарында соодагерлер митингге чыгышты. Алар үч күндөн бери чогулуп, сел каптаган борбордук базарды башка жакка көчүрүүнүн мөөнөтүн узартуу талабын коюшууда.
Бүгүн шаар мэри Бакытбек Жетигенов чогулган жарандар менен жолугушту. Анда соодагерлер жаңы базар салынуучу жер ыңгайсыз экенин айтышкан. Ал эми калаа башчысы жаңы базар эки ай аралыгында толук курулуп бүтөрүн, муниципалдык базар Осмонов көчөсүндөгү “Мегаполис” соода борборунун маңдайындагы жерге куруларын айтты.
"Соодагерлер 1-2 ай иштеп алалы дешти. Ак-Бууранын жээги, көпүрөлөрдүн баары тазаланат. Жакшы шарт түзүп беребиз", - деди шаар мэри.
Белгилей кетсек, 14-июлда катуу жаандан улам Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунда, Ош шаарында сел жүргөн. Ош шаарында Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды каптаган. Анда базардагы буюм-тайым, товарлар, атүгүл унааларга чейин суу агызып кеткен.