Жалал-Абад облусунда 17 жаштагы өспүрүм Лексус 470 үлгүсүндөгү унааны башкарып келе жатып эркек кишини сүзүп алды. Ал ооруканага жетпей каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 21-июль күнү саат 18:00 чамасында болгон.
Анда 2007-жылы туулган Д.Э. унаасы менен Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун 32-чакырымынан Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылынын 1991-жылы туулган Ш.М. аттуу тургунун сүзүп алган.
"Жөө жүргүнчү жолдун сол капталынан чуркап чыга койгон.
Ал эми айдоочу мас абалында экендиги айтылууда. Учурда унаа айып короо жайына токтотулуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", - деп билдирди башкармалык.