Шал оорусу менен ооруган Сабинанын операциясына 5 миң 500 доллар керектелүүдө (видео)

Шал оорусу менен ооруган 8 жашар Сабина Орозбекованын операциясына 5 миң 500 доллар керектелет. Бул тууралуу анын апасы Майрам Мусейинова SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, кызы Сабина 7 айлык болуп төрөлүп, 9 айында ага шал оору диагнозу коюлган.

"Кызым Сабина 7 айлык болуп төрөлгөн. 9 айында ага шал оорусу диагнозу коюлган. 4 жашында бутунан операция болгонбуз. 3 айда бир физдарылоо алып турабыз. Анын бутунун тырышканы азайбагандыгына байланыштуу Украинанын Винница шаарына операцияга барышыбыз керек болуп жатат. Операциясы 5 миң 500 доллар болот экен. Операция 19-августта болот. Биздин акча жетишпегендиктен кайрымдуу кыргыз элинен жардам сурайм. Сабинанын өз алдынча басып кетүүсүнө аз да болсо салымыңыздарды кошуп жардам берүүңүздөрдү суранам", - деди апасы Майрам Мусейинова.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:

Мбанк: 0 707 000 987 (Майрам М)

О! деньги: 0 707 000 987 (Майрам М)

Элкарт: 9417379449970959

Сабинага жардам
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан