Бишкекте дайынсыз болуп жаткан Севинч Пулатова табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Милициянын маалыматына ылайык, 17 жаштагы Севинч Пулатова бүгүн, 22-июлда аман-эсен табылган. Милиция табылган кыз тууралуу башка маалымат берген жок.
Белгилей кетсек, 20-июлда милицияга Пулатованын эжеси арыз менен кайрылган. Анда ал 2009-жылы туулган сиңдиси саат 21:45тер чамасында үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын айткан.