Бишкекте таштандыны белгиленбеген жерге ыргыткандар видео байкоо аркылуу аныкталууда (видео)

Бишкекте Муниципалдык инспекция таштандыны белгиленбеген жерге ыргыткандарды орнотулган видео камералар аркылуу ыкчам аныктоодо. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жакында эле видео камерага түшүп калган үч шаар тургунуна "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык протокол тузүлүп, 5 миң 500 сомдон 16 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ага ылайык, Муниципалдык инспекция Бишкекте белгиленбеген жерлерге таштанды ыргыткандарды аныктап, аларга чара көрүүдө.

"Таштанды ыргыткан ар бир жаран видео камерага тартылат жана белгиленбеген жерге таштагандарга чара көрүлөт. Сиздерди таштандыны баш аламан ыргытпоого, борбор шаарыбыздын көрктөндүрүү эрежелерин сактоого чакырабыз", - деп билдиришти мекемеден.

Бишкекте таштандыны белгиленбеген жерге ыргыткандар видео байкоо аркылуу аныкталууда 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан