ӨКМ Бишкектин четиндеги Панорамада чыккан өрт боюнча маалымат берди

Кечээ, 22-июль күнү кечинде Бишкектеги Панорама аймагында чыккан өрттүн жалпы аянты 10 гектарды түздү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Министрликтин маалыматына ылайык, өрт саат 21:23тө толук өчүрүлүп, болжол менен өрттүн аянты 10 гектарды түзгөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 19:58де Бишкек шаардык №5 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, кошумча саат 20:19да Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 5 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 8 адам тартылган.
Бактыга жараша, өрттөн жабыркагандар катталган жок.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан