Бүгүн, 23-июль күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жааган жаандын кесепетинен Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 19-чакырымында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Ага ылайык, саат 06:30 чамасында аталган аймакка сел жүрүп, жол эки тараптуу жабылган.
Жерине №26 жол тейлөө кызматынан жүктөгүч тартылып, саат 08:15те унаа жолу бир тараптуу ачылды.