“Көчмөндөр жүрүшү” республикалык ат чабыш марафону жыйынтыкталды

“Көчмөндөр жүрүшү” республикалык ат чабыш марафону жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Ага ылайык, аталган марафон 17-20-июль күндөрү болуп өттү. Чабандестер 300 чакырым аралыкка 4 этапка бөлүнүп күч сынашкан. Жалпы 20 ат чабылып, 12 ат марага келгени айтылат.
"Жеңүүчүлөргө диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Жалпы байге фонду 2 миллион сомду түздү", - деп айтылат маалыматта.
1-орунду чабандестер Эдилбек Жумабеков, Анастасия Рагульская, Жашар Тогузбаев ээлеп, 1 миллион сом алышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан