Кыргыз футзалчылары кечээ утулган Тажикстан менен кайра ойномой болду

Кечээ, 22-июлда футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы испаниялык машыктыруучу Луис Бернат Молинанын жетекчилиги астында Ташкентте Мираброр Усмановдун жаркын элесине арналган футзал боюнча эл аралык турнирде үчүнчү беттешин өткөрдү.

Анда Кыргыз курамасы Тажикстанга 1:4 эсебинде утулду. Кыргыз курамасынан жалгыз голду Шохрух Махмадаминов киргизди.

Жыйынтыгында турнирге катышкан 4 команданын ичинен үчөө (Кыргызстан, Тажикстан жана Гватемала) 3төн упай топтошту.

Кошумча көрсөткүчтөрдүн жардамы менен Гватемала курамасы финалга чыкты. Финалда алар Өзбекстан менен ойнойт.

Ал эми Тажикстан менен Кыргызстан коло медаль үчүн дагы бир ирет ойномой болду. Бул оюн 24-июль күнү Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан