Биз социалдык тармакта

Бишкекте 15 жашка чейинки кыздарга сабак берип келген медресе аныкталды

Бишкек шаарындагы "Нур" медресеси уруксат кагаздары жок мыйзамсыз иштеп келгени аныкталды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-июлда имарат текшерүүгө алынып, 9 жаштан 15 жашка чейинки 7 кызга сабак өтүлүп келгени такталган. Бардык өспүрүмдөр ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

Аталган мекеменин жетекчиси 1995-жылы туулган М.Ш. аттуу жаран экени аныкталып, ага Укук бузуулардын 142-беренесинин (Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарды бузуу) негизинде 7500 сом айып салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан