ЕАЭБ мамлекеттеринен Кыргызстанга товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-июль күнү Ысык-Көл облусунун “Каркыра автожол” көзөмөл-ткөрүү жайында Казакстандан өлкөгө келе жаткан Volkswagen үлгүсүндөгү жүк ташуучу кичи автобусту башкарган кыргыз жараны А.у.А. кармалды.
Анда ал эч кандай коштоочу документтери жок ири өлчөмдө товардык-материалдык баалуулуктарды (мотоциклдер, кийим-кече жана башка керектөөчү товарлар) алып кирүүгө аракет кылган.
Учурда аталган мыйзамсыз аракетке тиешеси бар башка адамдарды, милдеттүү салыктарды жана башка чегерүүлөрдү төлөбөй коюу түрүндөгү зыяндын көлөмүн аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары башталганы айтылат.