Кыргызстан Кытайга жумасына 300 тонна айыл чарба азыктарын аба жолдору аркылуу жеткирет

Кыргызстан мындан ары Кытайга “Түрк аба жолдору” авиалиниясы менен жумасына 300 тоннага чейин айыл чарба товарларын ташый алат. Жана да 1 килограмм жүктүн баасы 6-7 доллардан 1-1,5 долларга төмөндөтүлдү. Бул туурасында бүгүн, 23-июлда айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Түрк элчилигинин, Turkish Airlines авиалиниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

«Жолугушуунун жүрүшүндө Кытай менен Turkish Airlines авиалиниясынын ортосундагы келишимдин алкагында Бишкектен Кытайдын Шанхай шаарына айыл чарба жүктөрүн ташуу боюнча макулдашуулар орун алды», - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан