Эми Бишкекке шаардан тышкары кирген унаалар үчүн акча алынышы мүмкүн

Бишкек мэриясы шаардын бюджетин толтуруу үчүн бир нече жаңы төлөмдөрдү киргизүүнү пландоодо. Мындай токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мэрия бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн салыктык эмес кирешелердин жаңы булактарын киргизүү максатка ылайыктуу экенин белгилейт. Каражат шаарды өркүндөтүүгө жана шаардыктардын жашоосун жакшыртууга багытталган жаңы социалдык долбоорлорду каржылоого жумшалат.

Мэрия ошондой эле унаа тыгын борбор калаанын чечүүнү талап кылган актуалдуу көйгөйлөрүнүн бири экенин белгилейт. Буга байланыштуу муниципалитет бир канча долбоорду 6 айга пилоттук долбоор катары киргизүүнү сунуштайт. Токтом долбоорун Министрлер кабинети колдоп, ал коомдук талкууга коюлду:

1. 2024-жылдын 1-августунан тартып 6 айлык мөөнөткө Бишкек шаарында төмөнкүлөрдү киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жактырылсын:

– Бишкек шаарынын аймагына шаардан тышкаркы автотранспорттун кириши үчүн жыйым;

– жеке мобилдүүлүк каражаттарын эксплуатациялоо үчүн жыйым;

– туристтик жыйым (мындан ары – пилоттук долбоор).

Бул Бишкек шаарынын аймагына шаардан тышкаркы автотранспорттун кириши үчүн жыйымдын өлчөмү жана төлөөнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары – Убактылуу жобо) Кыргыз Республикасынын региондорунда жана чет мамлекеттерде катталган автомобиль транспорт каражаттарынын Бишкек шаарынын аймагына кириши үчүн жыйымдын өлчөмүн жана төлөөнүн тартибин аныктайт.

2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача белгиленбесе, бул Убактылуу жобонун күчү уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактарга карата колдонулат.

3. Бул Убактылуу жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:

1) Бишкек шаарынын аймагына шаардан тышкаркы автотранспорттун кириши үчүн жыйым (мындан ары – жыйым) - Кыргыз Республикасынын региондорунда жана чет мамлекеттерде катталган автомобиль транспорт каражатынын ээси болгон жана/же башкарган юридикалык же жеке жактардан алынуучу төлөм, аны төлөө Бишкек шаарынын мэриясынын жыйым төлөөчүлөргө карата юридикалык маанилүү аракеттерди жүзөгө ашыруу шарттарынын бири болуп саналат;

2) жыйымды төлөөчү – Бишкек шаарынын чек арасында жайгашкан автомобиль жолдору боюнча өтүүнү жүзөгө ашырган шаардан тышкаркы автотранспорттун ээлери жана/же пайдалануучулары;

3) шаардан тышкаркы автотранспорт - Кыргыз Республикасынын региондорунда жана чет мамлекеттерде катталган автомобиль транспорт каражаты (мындан ары - автотранспорт каражаты) - автобустарды, жеңил жана жүк ташуучу автомобилдерди, автомобиль чиркегичтерин, сүйрөгүчтөрдүн жарым чиркегичтерин, ошондой эле адистештирилген автомобилдерди (жүктөрдүн белгилүү бир түрлөрүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган) жана атайын автомобилдерди (ар кыл, көпчүлүгүндө транспорттук эмес жумуштарды аткаруу үчүн арналган) кошуп алганда автомобиль транспортунун кыймылдуу курамынын бирдиги.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан