"Жарандык абалдын актысынын жазуусу" онлайн кызматы ишке киргизилди

2024-жылдын июнь айынан тарта “Түндүк” мобилдик тиркемеси жана Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу “Жарандык абалдын актысынын жазуусу" онлайн кызматы ишке киргизилди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Ага ылайык, өлкө жарандары авторизациядан өтүп, “Жарандык абалдын актысын санариптештирүү” кызматына кирет.

Андан соң каталог боюнча милдеттүү талааларды толтуруп, баланын же жубайынын документин санариптештирүү зарыл болгон учурда кошумча талааларды толтурары айтылат.

"Арыз ийгиликтүү толтурулган кийин арыз ээсинин жеке кабинетине арыз кабыл алынгандыгы жана 1-күндөн 3-жумушчу күнгө чейин каралары жөнүндө билдирүү келет.
Өтүнмө ээсинин жарандык абалын жазуу санариптештирилгенден кийин, "Түндүк" тиркемесинде санариптик күбөлүктөр жеткиликтүү болот.
Эгерде жарандык абалдын акт жазуусун санариптештирүү мүмкүн болбосо, арыз ээсине жарандык абалдын акт жазуусун санариптештирүүдөн баш тартуунун себебин түшүндүрүү менен билдирүү келет", - деп жазылат анда.
Кыргызстандын жарандары гана онлайн режиминде каттала алат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан