Бишкектеги “ЦУМ-Айчүрөк” соода борборунун ээси Анвар Габбазовго (азыр Маметов) козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-июлда Габбазов Кыргызстанга келип, анын активдүү катышуусунда тергөө органдары менен тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында ага карата мурда коюлган айыптар Анвар Габбазовдун уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө жана аны каржылоого катышы жоктугунан улам алынып, сотко чейинки өндүрүш токтотулду.
Эске салсак, ага маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу боюнча кылмыш иши козголгон.
УКМК былтыр ноябрда Габбазовго эл аралык издөө жарыялаган.