Бишкекте балдарды мыйзамсыз окутуп келген медресе жабылды (видео)

Бишкекте уруксат кагаздары жок өспүрүмдөргө диний сабак берип келген "Ыйман" аталышындагы медересе аныкталды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-июлда имаратка текшерүү жургүзүгөн. Анда 60 бала окуу куралдары жок окуп жатышканы жана жертөлөдө, нымдуу жайда жашап жатышканы аныкталган. Имараттагы бөлмөлөрдүн абалы сантирадык талаптарга жооп бербеген абалда болгон. Мекеменин жетекчиси 1993-жылы туулган Н.К. аттуу жаран экени такталды.

Аталган факты Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталган.

Ошондой эле милиция учурда медресенин ишмердүүлүгү толугу менен токтотулганын кошумчалады.

23.07.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан