Бүгүн, 23-июлда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жапаров модернизацияланган блоктордун жана көмүр кампасынын абалы менен таанышты. Ошондой эле ЖЭБдин учурдагы ишмердүүлүгү жана башка актуалдуу маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди.
Алдыдагы күз-кыш мезгилдеринде борбор калааны үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо, жабдууларды модернизациялоо, энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чаралары боюнча маселелер көтөрүлгөнү айтылат.
“Биздин борборубуздун энергетикалык туруктуулугун камсыз кылууда Бишкек Жылуулук электр борбору негизги ролду ойнойт. Жылытуу мезгилин ийгиликтүү аяктоо үчүн бардык техникалык жана уюштуруу чаралары өз убагында көрүлөт деп ишенишибиз керек. Бул бардык тиешелүү кызматтар менен ведомстволордун координацияланган ишин талап кылат”, - деди Акылбек Жапаров.
Ошондой эле ал иштердин жүрүшүнө жана аларды аткаруунун графиктеринин сакталышына контролду күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Өкмөт башчы маселелерди тез арада чечүү жана жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жетекчилердин жоопкерчилигин жогорулатуу зарылдыгына көңүл бурганы маалымдалат.