Бишкекте айдоочуларга унаасынын номуруна карап кезек менен көчөгө чыгуу сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясы жол тыгыны менен күрөшүү үчүн даярдалган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Долбоордун негиздеме катында республикалык маанидеги шаарлардын жолдорунда жүрүү үчүн унааларды номердик белгилерине карап чектөө киргизүү сунушу айтылат.

Ага ылайык, дүйшөмбүдө 1 жана 2 саны менен аяктаган, шейшембиде 3 жана 4, шаршембиде 5 жана 6, бейшембиде 7 жана 8, жума күнү 0 жана 9 саны менен аяктаган номерлүү автокөлүктөр саат эртең мененки 7ден кечки 9га чейин шаардын жолуна чыга албайт. Мыйзамды сактабаган жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып пул салынат.

Чектөө ишемби, жекшемби жана майрам күндөрдү колдонулбайт жана коомдук транспортторго киргизилбейт. Бул чара тыгындарды 20 пайызга азайтары божомолдонууда.

Ошондой эле негиздемеде Бишкекте 416 миң 837 унаа катталганы, аймактардан келгендерин кошо санаганда 600 миңден ашары айтылып, бул көрсөткүч 350 миң автокөлүккө ылайыкташкан шаардын жолуна дээрлик эки эсеге көптүк кылып жатканы кошумчаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2024-07-23 14:19:00
дөңгөлөктүн чоңдугуна карап чыкпайлыбы ыя? унаанын түсүнө карап, мээңер ушуга жеттиби? жок дегенде дүйнөлүк стандарттардан үлгү албайсыңарбы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан