Токтогул РЭТинде трансформаторлор күз-кыш мезгилине даяр экени маалымдалды

Токтогул райондук электр тармактарында 199 трансформатор күз-кыш мезгилине даяр болуп, 411 чакырым аба чубалгысы техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Токтогул РЭТинин балансында 542 даана трансформатор болсо, анын 429 даанасын быйылкы жылга техникалык тейлөөдөн өткөрүү мерчемделген.
Ал эми 149 чакырым 10-0,4 кВ аба чубалгысын оңдоп-түзөө мерчемделсе, анын 49 чакырымы бүткөнү айтылат.
"35 даана эскилиги жеткен жыгач мамычалар темир-бетон мамычаларга алмаштырылды.
Мындан тышкары 14,3 чакырым 10-0,4 кВ аба чубалгысы алмашып, 361 мамыча орнотуу менен жаңы аба чубалгылары курулат.
Муну менен катар жергиликтүү айыл аймактар менен тыгыз байланышта иш алып барып, муктаж болгон айылдарда 537 даана темир-бетон мамыча орнотушту", - деп жазылат анда.
Токтогул РЭТи 7 бөлүмдөн туруп, 19 миң 189 керектөөчүнү тейлейт. Анда 147 кызматкер эмгектенери маалымдалат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан