SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө кайрылган окурман Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы "Три Короны" пансионатынын унаа токтотуучу жайындагы айырмаланган бааларга нааразы экенин айтты.
Анын айтымында, унааны көлөкө жерге токтотуу үчүн кошумча сумма төлөш керек.
"Биз пансионатка жылда келип эс алып жүрөбүз. Быйыл эле экинчи жолу келип жатабыз. Дайыма унаа токтотуучу жайга 100 сом төлөчүбүз. Быйыл 100 сом берип кирип, унааны көлөкөгө токтотсок "ал жер 200 сом" дешти. "Көлөкөдөгү орун 200, күн тийип турган жер 100 сом" дейт. Ошондо өзүбүздүн жерде көлөкө үчүн дагы төлөп калдык беле?", - деди Бишкек шаарынын тургуну.
Буга чейин интернет колдонуучулар Маяк айылында пирс үчүн акча алынып жатканын айтып, нааразы болушкан.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.