Коңшу казакстандык ММА мушкери Ернат Түгелбеков беттешке чыгарына 3 саат калганда апасы каза болгонун угуп, бирок ага карабай беттешке чыккан. Бул тууралуу ал беттештен кийинки сөзүндө айтты.
Ал Алматыда өткөн Nomad Fighting Championship турниринде орусиялык мушкер менен беттешип, аны жеңди. Жеңишинен кийин казак мушкери залдагыларга кайрылды.
"Мен бул жеңишимди апама арнайм. Бүгүн ал асманга учуп кетти. Мен рингге чыккым келген эмес, бирок баш тарта алган жокмун. Акча керек болду.
Апам 7 жыл рак менен күрөштү. Апа, эгер бул дарттан айыксаңыз, Меккеге, Дубайга алып барам деп ойлогом. Айтайын дегеним, ушул 7 жыл бою көтөргөн азаптарыңызды актайм", - деди көзүнө жаш алган казак мушкери.
Ал 3 раундга созулган беттеште калыстардын чечими менен жеңишке жетти.
Анын атаандашы өз кезегинде бул трагедия тууралуу беттеш алдында укканын айтып, казак мушкерине боору ооруп, аяп, өзүн 50 пайыз дагы көрсөтпөгөнүн айтты.