36 жаштагы Данияр Сатаров Чолпон-Ата шаарынын мэри болду
Бүгүн, 23-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп Данияр Сатаров дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов кол коюп, жаңы дайындалган калаа мэри эмгек жамаатка тааныштырылды.
Данияр Сатаров 1988-жылы 11-майда Түп районунун Талды-Суу айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.
Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде англис тили мугалими кесиби боюнча билим алган. Буга чейин ал райондук администрацияларда ар кыл кызматтарды аркалаганы айтылат.