Мыйзамсыз иштеп жаткан үчүнчү медресе Аламүдүн районунда табылды

Бүгүн, 23-июлда Чүй облусунда жүргүзүлүп жаткан “Нелегал” иш-чарасынын алкагында экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан Аламүдүн районуна караштуу Грозьд айылындагы медресе текшерүүгө алынып, уруксат кагаздары жок балдарды окутуп келе жаткандыгы аныкталган. Бул туурасында Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, ал жерде жашы жете элек 14 өспүрүм бала мыйзамсыз билим алып жаткан.

Аталган факт Аламүдүн РИИБинин маалыматтардын электрондук китепчесине катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Учурда медресенин ишмердүүлүгү токтотулуп, окуучулар ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан