UFC боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону, белгилүү мушкер Жош Барнетт кыргызстандык мушкердин жардамы менен “Салам, Кыргызстан!” деп кыргызча сүйлөдү. Бул көрүнүштү камтыган видео бүгүн, 25-декабрда SUPER.KG порталына жүктөлгөн.
Видеодо кыргыз жигити видеокамеранын алдында алгач мушкерди тааныштырып, анан ага кыргыз тилинде ийгилик каалаганын көрүүгө болот. Андан тышкары кыргыз тилдүү жигит мушкердин 28-декабрда АКШда Трэвис Браун менен беттешерин да айтты.
Бул видеодогу жигиттин ким экени азырынча белгисиз. Айрым комментарийлерде анын аты Зулкайнар экени айтылууда. Кыргызстан улуттук курама командасынын формасын кийип жүргөн жигит кайсы бир спорт түрү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү да болушу мүмкүн.