Ошто 2 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды

Ош-Ноокат жолунда 2 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 23-июлда Ош облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тастыктады.

Окуя 21-июль күнү саат 17:20 чамасында болгон.

Анда Ош-Ноокат унаа жолунда, тагыраагы, Жапалак айылынан 28 жаштагы жаран Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жатып, каршы тилкедеги Toyota Avensis автокөлүгү менен сүзүшкөн. Кырсыктан жеңил унаанын 70 жаштагы айдоочусу жана жанындагы 47 жаштагы жубайы каза болгон. Мындан тышкары, 3 жүргүнчү жаракат алып, тез жардам менен ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан