
Мальдив өлкөсүнүн Мале шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда өлкөнүн волейбол боюнча кыз-келиндер арасында жаштар курама командасы финалга чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.
Ага ылайык, курама команда биринчи айлампада Мальдивдин улуттук курамын 3:0 эсебинде утса, экинчи айлампада да Непал өлкөсүн 3:0 эсебинде жеңген. Ал эми үчүнчү айлампада Шри-Ланканын курама командасына 3:2 эсебинде жеңилгени айтылат.
"Жарым финалдык беттеште Непалдын курама командасын 3:0 эсебинде жеңди. Биринчи орун үчүн беттеште Шри-Ланканын командасы менен кез келет. Оюндар Бишкек убактысы боюнча саат 21:40та башталат", - деп жазылат анда.