Караколдо мыйзамсыз менчиктештирилген жер мамлекетке кайтарылды

Каракол шаарында мыйзамсыз жеке менчикке берилген дээрлик 15 миллион сомдук жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Каракол шаарынын прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына текшерүү жүргүзүлүп, Каракол шаарында жайгашкан 2275 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз жеке тарапка менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

"Шаардык прокуратура тарабынан текшерүүнүн жыйынтыгы менен административдик доо келтирилип, сот органдары тарабынан толугу менен канааттандырылып, 14 миллион 850 миң 140 сомго бааланган жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды", - деп жазылат прокуратуранын билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан