24-июлга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37,
Талас облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +33…+38,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,
Нарын облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30.
Бишкекте күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +20…+22, күндүз +35…+37 градус болот.