Ошто 33 жаштагы жаран мурдагы аялынын жигитинен тойго кеткен акчаны талап кылганы үчүн кармалды

Ош шаарында опузалап акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал мурунку сүйлөшкөн кызынын ажырашып кеткен күйөөсү андан опузалап акча талап кылып жатканын айткан.

"Ага телефон чалып, тойго кетирген 150 миң сомду кайтарып берүүнү талап кылган. Болбосо балдарга сабатып, өлтүрүп кетем деп коркуткан", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 40 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын арыз ээсинен алып жаткан жеринен 1991-жылы туулган К.А. кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

23.07.2024
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан