Бүгүн, 23-июлда Бишкек мэриясы социалдык тармакта жарыяланган Горький көчөсүндөгү жолдордун жана жол белгилеринин абалы жөнүндөгү видео тасма тууралуу билдирүү жасады.
Ага ылайык, мэрия Бишкектин 6 негизги көчөсүндө капиталдык оңдоо пландаштырылганын эскертет. Учурда пландаштырылган 6 көчөнүн 5 көчөсүндө иштер өткөрүлүп жатат. Оңдоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле мэрия бул тизмеде Максим Горький көчөсүнүн Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейинки бөлүгү да бар экендигин кошумчалады.
"Жакынкы күндөрдө Горький көчөсүнүн Ч.Айтматов проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү биринчи этап менен жабылат.
Аталган көчөнү реабилитациялоодо бардык мыйзам бузуулар четтетилет. Бул көчөдө жолду толук реабилитациялоо жана жол белгилерин алмаштыруу зарыл. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан шаардын негизги көчөлөрүнүн, ошондой эле анын башка бөлүктөрүнүн жол катмарын жакшыртуу боюнча чаралар көрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.