Чүйдө айыл чарба багытындагы жерлерди сатып жибергендер кармалды (видео)

Бүгүн, 23-июлда Чүй милициясы тарабынан Аламүдүн районунун Васильевка айылынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу жана сатуу фактылары боюнча шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, милицияга жергиликтүү тургундар арыз менен кайрылышкан. Анда турак жай куруу максатында айыл чарба багытындагы жерлерди айыл өкмөттүн кызматкерлери сатып жибергенин айтышкан.

Бул факт боюнча кылымыш жаза кодексинини 212-беренесине ылайык кылымыш иши козголгон.

Натыйжасында жайыт комитетинин төрайымы Т.Ч., салык кызматынын инспектору Т.Т., аталган айыл өкмөттүн жер жана жерге жайгаштыруу боюнча мурунку кызматкери Т.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Чүйдө айыл чарба багытындагы жерлерди сатып салгандар кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан