Бүгүн, 23-июлда саат 17:15 чамасында Ош облусунун Ноокат районунда жааган жаандын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, Кара-Кой жана Калдай айылындагы Мурдачы жайлоосунан келген сел суулары 2 боз үйдү, Тельман-Кара-Кой ички чарбалык жолунун 25-чакырымын каптап, унаа жолу жабылды.
"Жерине Ноокат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана айыл аймагынан экскаватор тартылды", - деп айтылат маалыматта.