Оштогу Мырзаке-Кара-Шоро жолунда каттам жанданды

Бүгүн, 23-июлда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, убактылуу жабылып калган Ош облсундагы Мырзаке-Кара-Шоро унаа жолунда каттам жанданды. Бүл туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, тазалоо иштерине “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынын №5 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар тартылган.

“Тынымсыз жүргүзүлгөн жумуштардын жыйынтыгы менен Мырзаке-Кара-Шоро унаа жолунун 49-51-чакырымдар аралыгы калыбына келтирилип, каттамга уруксат берилди”, - деп кошумчаланган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан