Жалал-Абаддын Арстанбап айылында ички жолдорду сел каптады. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн Арстанбап айылында саат 18:30 чамасында нөшөрлүү жааган жамгырдын кесепетинен колоттордон келген сел суулары ички жолду каптаган.
Ошондой эле жол унаа каттамы үчүн ачык. Жерине саат 18:55 чамасында Базар-Коргон райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылды.
Ага ылайык, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгына, Жалал-Абад шаардык жана Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондук Өзгөчө кырдаал бөлүмдөрүнүн өздүк курамына “Айгай” жарыяланды.
Кошумча маалымат берилет.