Фейс-фитнес тренер Аида Чынгышбаева: "Айымдар турмушка чыккандан кийин эле өзүн таштап салышат" 

SUPER.KG порталынын бул жолку коногу коуч, фейс-фитнес тренер, мотиватор, психолог Аида Чынгышбаева. Ал фейс-фитнестин өзгөчөлүгүн, айымдар кантип сулуулугуна кам көрсө, өз жашоосун кантип өзгөртсө болорун айтып берди.

Анын айтымында, көпчүлүк айымдар турмушка чыккандан кийин өзүн таштап, өзүнө болгон ишенимин жоготуп, күзгүгө да карангысы келбей калышат.

"Мен билгенден көпчүлүк айымдар турмушка чыккандан кийин өзүн карабай, таштап салышат. Андан да күзгү менен беттешкенден да качып калат. "Бетимдин бул жери мындай болсо, тигиндей болсо" деп бетинин түзүлүшүн өзгөрткүсү келгендер көп. Бирок мындай учурда беттин-көнүгүүлөрү жардам берет. Ошол көнүгүүлөрдү дайыма жасап турса, беттин түзүлүшү каалаганыңыздай болот", - деди Аида Чынгышбаева.

Ошондой эле ал күлгөндө кантип күлүү керектиги, сүйлөгөндө кантип сүйлөө керектиги тууралуу да айтып берди.

Толугураак төмөнкү ссылка аркылуу кирип көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан