Базар-Коргондо селдин кесепеттерин жоюуга 77 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, саат 20:50гө карата маалымат боюнча, Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагында катталган селдин кесепетинен 1 оорукананы жана соода үйүн, 5 көпүрөнү, 1 чакырым ички чарбалык жолду сел суулары каптап, 23 жеңил унааны агызып кеткен.
Жерине Арстанбап айыл аймагынан 4 экскаватор, 2 жүктөгүч, 1 самосвал, Жалал-Абад шаардык №20 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 32 куткаруучу, 2 мотопомпа, Өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнөн жалпы 77 куткаруучу тартылып, 12 мотопомпа сел кесепеттерин жоюу иштерин аткарууда.
Кошумча маалымат берилет.
Буга чейин Жалал-Абаддын Арстанбап айылынын ички жолдорун сел каптап, Өзгөчө кырдаал бөлүмдөрүнө "Айгай" жарыяланганы кабарланган.