Эртеңден тарта Бишкете №23 жана №56 автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси жарым-жартылай өзгөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, кыймыл чиймеси тургундардын кайрылуусуна ылайык Пишпек районун камтыган №4 автобустук каттам иштеп баштаганына байланыштуу, №23 автобустук каттамдын кыймыл чиймеси жарым-жартылай өзгөртүлдү.
дАга ылайык, каттам Жайыл Баатыр көчөсүнөн Селекция, Муромский, Гагарин жана Репин көчөлөрү менен Л.Толстой көчөсүнө чейин барат.
Ал эми №56 автобус каттамы Манас проспектисинен Чүй проспектиси, Фучик көчөсү, Коммунаров көчөсү, Жибек-Жолу проспектиси аркылуу өтөт.